Кыргызстан жашоого ыңгайлуу жерлердин рейтингинде 100 өлкөнү артка таштады

Рейтингде 209 мамлекеттин артыкчылыгы каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстан 2017-жылдын эсеби менен жарандык алууну каалагандардын саны боюнча рейтингде 109-орунду ээлеген. Бул тууралуу Henley & Partners консалтинг компаниясы билдирди.

Акыркы 8 жылда канча кытайлык КР жарандыгын алганы аныкталды
Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен республика бир сапка жогорулаган.

Рейтингде 209 мамлекеттин артыкчылыктары 2013-жылдан 2017-жылга чейинки убакыт аралыгындагы ар кыл көрсөткүч боюнча бааланган. Биринчи орунга Франция чыкса, экинчиде Германия, ал эми үчүнчү сапты Исландия ээлеген.

Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен алдыңкы орун Казакстандын жарандыгына (91) ыйгарылса, экинчи сапты Кыргызстан алды. Ал эми 117-орун менен үчүнчү болуп Өзбекстан аталган.

Мындан эки күн мурун армиянын күчтүүлүгү боюнча да рейтинг жарыяланып, Кыргызстан жакшы көрсөткүчтөргө жетишкени айгине болгон.