Исакунова Таалайкүл Базаркуловна — өмүр баяны

Таалайкүл Исакунова 1967-жылы 14-июлда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган.
Sputnik

Билими:

1985 – 1990 — Фрунзе политехникалык институтунда окуган;

2010 — Кыргызстан-Россия Славян университетинде инженер-экономист, юрист адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

1984 – 1985 — Жаңы-Күч орто мектебинин химия кабинетинин лаборанты;

1990 – 1992 — Кыргызстандын "Дастан" ишкер жана айыл чарба боюнча кызматташуу ассоциациясында экономист;

1992 – 1995 — Кыргыз мамлекеттик университети, 2-категориядагы инженер;

1995 – 1997 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эл аралык борборунун студенттердин кадры бөлүмүнүн инспектору;

1997 – 1999 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде аспирант;

2000 – 2004 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Адистерди багыттуу даярдоо институтунда ага окутуучу;

2004 – 2005 —Аялдардын, үй-бүлөнүн жана гендердик өнүгүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин катчылыгында эксперт;

2006 – 2015 — "Демократиялык процесстерди изилдөө борбору" коомдук фондунун директору;

2015 – 2016 — КР Жогорку Кеңештин депутаты;

2016-жылдан тарта Эмгек жана социалдык өнүгүү министри.

Башка маалыматтар:

Экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчи чини бар.