"Нео" Физиев кийинки беттешин кайсыл уюмда өткөрөрү белгилүү болду

Аралаш мушташ боюнча мелдеш 12-майда Кытайда өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаель Физиев ММА боюнча кезектеги кармашын Road FC уюмунда өткөрөт. Бул тууралуу кореялык лиганын расмий сайтында жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, мелдеш 12-майда Кытайда өтөт. Анда Физиев 72 килограмм салмак ченинде үй ээси Бао Инканг менен күч сынашат.

Спортчулардын рейтингин аныктаган дүйнөлүк Shepdogg порталынын маалыматы боюнча Рафаель Физиев аралаш мушташ боюнча беш профессионалдуу беттештин жеңүүчүсү.

Былтыр февраль айында кыргызстандык спортчунун кармаш учурунда "Матрица" тасмасындагы Нео сымал соккудан боюн ала качкан ролиги социалдык тармакта аябай популярдуу болгон. Бирок Физиевдин спорттогу каймана аты — "Атаман".