Досалы Эсеналиев КР президентинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болду

Тийиштүү жарлыкка өлкө башчысы кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik.Досалы Эсеналиев КР президентинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчысы кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Эсеналиев буга чейин Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп келген.