Сүрөтүң менен видеону интернетке таратам! Шантаж кылган селкилер кармалды

19 жаштагы эки кыз акча алып жаткан жеринен колго түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бишкекте шантаж кылып акча талап кылды делген эки кыз кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Биринчи Май райондук ИИБине 20-апрелде 75 миң сом талап кылган белгисиз кызга карата чара көрүүнү суранып аял кайрылган", —деп жазылат маалыматта.

Мечитке келгендерди сызга отургузуп жүргөн. ШИИБ шектүү кишини кармады
Арыздын негизинде ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп, 19 жаштагы эки кыз атайын белги коюлган 10 миң сомду алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Шектүүлөр арыздануучунун жеке сүрөт, видеолорун "интернетке таратабыз" деп коркутуп келишкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 170-беренеси (опузалоо) боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми кармалгандар Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.