Жаңы өкмөт башчы алгачкы жыйынын өткөрдү. Сүрөт

Премьер өз сөзүндө мурда бекитилген өкмөттүк программадагы башталыштар улантыларын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев бүгүн алгачкы жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Премьер өз сөзүндө мурда бекитилген өкмөттүк программадагы башталыштар улантыларын билдирген.

1 / 4
Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев бүгүн алгачкы жумушчу кеңешмесин өткөрдү
2 / 4
Премьер өз сөзүндө мурда бекитилген өкмөттүк программадагы башталыштар улантыларын билдирген.
3 / 4
Мухаммедкалый Абулгазиев жыйында өкмөттүн жаңы курамынын иш принциби жана артыкчылыктуу багыттары тууралуу айтып берди.
4 / 4
Кеңешменин жүрүшүндө премьер-министр өкмөт аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүктөрүнө ыкчам чечимдерди талап кылган бир катар тапшырмаларды берген.

"Мухаммедкалый Абулгазиев жыйында өкмөттүн жаңы курамынын иш принциби жана артыкчылыктуу багыттары тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, өкмөттүн чечимдерин жана башка ченемдик-укуктук документтерди даярдоодо анын сапатын жогорулатуу зарылдыгы көрсөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Кеңешменин жүрүшүндө премьер-министр өкмөт аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүктөрүнө ыкчам чечимдерди талап кылган бир катар тапшырмаларды берген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев башында турган өкмөттүн курамын инфографикадан көрүңүздөр