Бишкектеги бус айдоочусунун өлүмү. Кырсыктын чоо-жайы

Маршрутка айдоочусу кырсык болгон жерден мүрт кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Борбор калаанын жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башка башкармалыгы бус айдоочусу каза болгон окуя тууралуу кененирээк маалымат берди.

Эске салсак, 20-апрелде болжол менен 10.40тарда 7-Апрель көчөсүнүн Горький жана Медеров көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө бус тосмого кирип кетип, айдоочусу каза тапкан.

1 / 2
Борбор калаанын жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башка башкармалыгы маршрутка бус каза болгон
2 / 2
20-апрелде болжол менен 10.40тарда 7-Апрель көчөсүнүн Горький жана Медеров көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө маршрутка тосмого кирип кетип, айдоочусу каза тапкан.

Билдирүүгө ылайык, айдоочу кырсык болгон жерде мүрт кеткен.

"Кичи автобустун ичинде толтура товар бар экен. Кандай товар экендиги азырынча белгисиз. Ал Горький көчөсү менен түштүк тарапты көздөй кетип бара жаткан. Белгисиз себептерден улам унаанын оң дөңгөлөгү бордюрга барып такалып, бус тосмодон ары чыгып кеткен", — деп жазылат маалыматта.

Учурда унаа атайын жайга токтотулуп, териштирүү иштери башталды.