Билими жогору. 1990-жылы маршал Дмитрий Устинов атындагы механикалык институттун колдонмо механика жана автоматика факультетин аяктаган. 1997-жылы КР ИИМинин Республикалык окуу борборун бүтүргөн. 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинен (сырттан окуу бөлүмү) билим алган.
Эмгек жолу:
— 1996 — ички иштер органдарына жумушка кирген;
— 2000 — Баткен райондук ички иштер органынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү тобунун ыкчам өкүлү болуп дайындалган. Кийинчерээк жетекчилик кызматка көтөрүлгөн. 2011-жылга чейин Баткен РИИБинин Тогузунчу бөлүмүнүн, ИИБ кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
— 2011-2012 — Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги;
— 2012-2016 — Баткен облусунун мамлекеттик администрация жетекчиси;
— 2016-2017 — КРдин вице-премьер-министри;
— 2017-жыл, август-октябрь — КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысы;
— 26.10.2017 — 20.04.2018 — КР президентинин кеңешчиси;
— 2018-жылдын 20-апрелинен тарта КР вице-премьер-министри;
— 2020-жылдын 11-февралында вице-премьер-министр кызматынан бошотулган.
Милициянын полковниги.