Президент Жээнбеков Абулгазиев башында турган өкмөттү дайындады

Жогорку Кеңеш бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп Мухаммедкалый Абулгазиев башында турган өкмөттү шайлаган
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 20-апрель күнү премьер-министр, вице-премьерлер жана министрлерди дайындоо боюнча Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аудитор ӨКМге, Оштун вице-мэри өкмөткө барат. Абулгазиев айланасына кимди чогултту?
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп Мухаммедкалый Абулгазиев башында турган өкмөттү шайлаган.

Билдирүүдө президент парламент шайлаган өкмөт башчы менен өкмөттүн мүчөлөрүн Конституциянын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык дайындаганы айтылат.

Мухаммедкалый Абулгазиевдин өкмөтүн Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан көрсөңүз болот.