БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Сирия жана Ирактан келип, Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган террорчуларды кармоо боюнча операциянын алкагында эл аралык террордук уюмдардын (ЭТУ) биринин мүчөсү, 32 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 2015-жылы ЭТУлардын бирин түптөөгө аралашкандыгы жана Сирия өкмөтүнө каршы иш-чараларга катышкандыгы үчүн КМШ өлкөлөрүнүн биринде издөөдө жүргөн.
Учурда ал өнөктөш мамлекеттин тийиштүү органдарына өткөрүлүп берилди.
Эске салсак, 17-апрель күнү 2015-жылы Сирияга Кыргызстандын төрт жаранын үгүттөп жиберген киши колго түшүрүлгөн.