Лавров: химиялык "Новичок" заты АКШнын куралдуу күчтөрүнүн катарында турган

Лавров "Новичокту" даярдагандардын бири Вил Мирзаянов АКШга кетип, ошол жактан заттын формуласын жарыялаганын эске салды.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Батышта "Новичок" деп аталган химиялык каражат куралдуу күчтөрдүн катарында турган же АКШ тарабынан колдонулган. Бул тууралуу Россия ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров РИА Новости агенттигине берген интервьюсунда билдирди.

Лавров: Россияга каршы санкциялардын кесепети баарына тиет
Анын айтымына караганда, аталган затты чыгаруу оорчулук жаратпайт.

Буга чейин Химиялык куралды колдонууга тыюу салуу боюнча уюмдагы Россиянын өкүлү Александр Шульгин Солсбериде ууландырылган делген Сергей менен Юлия Скрипалдарга колдонулган химиялык каражат АКШда чыгарылып, ошол жакта химиялык курал катары патенттелгенин айтты.

Лавров "Новичокту" даярдагандардын бири Вил Мирзаянов АКШга кетип, ошол жактан заттын формуласын жарыялаганын эске салды.

"Бул каражат патенттелип, куралдуу күчтөрүнүн катарында турган же АКШнын армиясынын биологиялык жана химиялык институттарында колдонулуп келген", — деди министр.

Россия ТИМи Сириядагы химиялык чабуул жасалма экенин айтты
4-мартта Солсбери аймагында Башкы чалгындоо башкармалыгынын мурдагы полковниги, Британиянын атайын кызматы менен иштешкен Сергей Скрипаль менен кызы Юлия ууландырылган. Расмий Лондон бул иштин артында Москва турганын айтып, каршылык катары РФтин дипломаттарын өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Улуу Британия башка мамлекеттерди да ушундай кадамга барууга чакырып, өткөн дүйшөмбүдө Евробиримдиктеги 16 мамлекет, АКШ, Канада, Норвегия, Украина россиялык дипломаттарды өлкө аймагынан чыгарып жиберген. Ал эми Москва мындай айыптоолорду четке кагып келет.