Бишкекте коңшусун бычактап салган делип эркек киши кармалды

Шектүүнүн ушу тапта жумушсуз жүргөнү аныкталды
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкектин Ленин районунда коңшусун бычактап салууга шектелип 25 жаштагы киши колго түшүрүлгөнүн шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдын колунан бычак жеген адамдын каза болгону тууралуу билдирүү тартип сакчыларына 19-апрель күнү саат 22.45те түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери маркумдун 27 жашта экенин аныктап, жанынан канга боелгон бычак тапкан. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

"Күбөлөрдүн айтымында, кырсык болгон күнү маркум кечинде келе жатып коңшусун жолуктуруп калат. Экөөнүн ортосунда чыр чыгып, мас болгон кошунасы аны бычак менен бир нече ирет бышып алган. Натыйжада 27 жаштагы киши мүрт кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип, Нарындын жашоочусу, ушу тапта жумушу жок жүргөн киши кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалганы белгилүү болду.

Тергөө уланууда.