Радио

Акаев: көчмөндөр оюндарын эки жылда эмес, төрт жылда бир өткөрүү керек

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Олимпиада оюндары деле төрт жылда бир өтөрүн айтты
Sputnik
Акаев: көчмөндөр оюндарын эки жылда эмес, төрт жылда бир өткөрүү керек

Эл өкүлү Жанар Акаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын эки жылда эмес, төрт жылда бир өткөрүп турууну сунуштады.

Эскерте кетсек, ушу тапта парламент премьер-министрликке Мухаммедкалый Абулгазиевдин талапкерлигин карап жатат.

Акаев мисалга Олимпиада оюндарын келтирди.

"Бизде акча жок, насыя алып өткөрүлгөн тойго окшошуп калды. Андан көрө ал каражатты Маданият, маалымат жана туризм министрлигине берели. Мен Оюндардын өзүнө каршы эмесмин, бирок эки жылда бир өткөрүү туура эмес", — деди эл өкүлү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014 жана 2016-жылы өткөрүлгөн. Үчүнчүсү быйыл сентябрь айында болмокчу.