Бир чакырым жол салуу үчүн орто эсеп менен 5 миллион сом кетет. Бул тууралуу Акылбек Мусабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул каражат жалпы чыгымдардарды эске алуу менен каралган.
"Жол чарба депертаментинин эсептөөсү боюнча азыркы учурда бир чакырым жол куруу үчүн 5 миллион сом кетет. Анын ичинде асфальттын калыңдыгы 6 сантиметр, туурасы 6 метр болушу керек деген талаптар да каралган", — деди Мусабаев.
Ал Кыргызстандагы жолго арналган тендерлердин көпчүлүгүн Кытай мамлекети утарын жана жакын жайгашкандыктан аталган мамлекет менен кызматташуу ыңгайлуу экенин кошумчалады.