Таласта аялды сүзүп кеткен айдоочу аны оорукананы көздөй таксиге салып ийген

Аялдын сөөгү оорукананын жанынан табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Таласта унаасы менен жөө аялды сүзүп кеткен айдоочу аны такси менен ооруканага жиберип жиберген. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) кабарлашты.

Билдирмеде аялдын сөөгү Талас шаардык ооруканасынын кире беришинен табылганы айтылат.

"18-апрелге караган түнү 102 пультуна Талас шаардык ооруканасынан чалышкан. Дарыгерлер оорукананын жанынан 40-45 жаштар чамасындагы аялдын сөөгү табылганын маалымдашкан. Окуя болгон жерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери келип, маркумдун тек-жайын аныкташкан", — деп милициядан билдиришти.

Бишкекте 12 жашар баланы автоунаа коюп кетти
ЖКККББнын берген маалыматына караганда, аялды Талас шаарынан унаа сүзүп кеткен. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери мыйрыйып калган Toyota Ist үлгүсүндөгү унаанын артынан түшүп, 19 жаштагы Т.Э. аттуу жаранды кармаган.

Шектүү шаардын көчөлөрүнүн биринен аялды кагып алганын моюндап, кийин Тез жардам кызматын чакырганын айткан. Бирок медиктер кечигип жаткандыктан аялды жолдошу менен кошо таксиге салып жиберген. Учурда Талас ШИИБи териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.