Президент көпчүлүк коалициядагы фракция лидерлери менен жолукту

Көпчүлүк коалициянын курамында үч фракция бар.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 19-апрелде Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясына кирген КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракцияларынын лидерлери менен жолукканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сапар Исаков ЖК төрагасына кат жолдоду
Жолугушууга Иса Өмүркулов, Алмазбек Баатырбеков жана Алтынбек Сулаймановдон тышкары Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен президенттик аппараттын жетекчиси Мухаммедкалый Абулгазиев катышты.

Көпчүлүк коалициянын лидери Өмүркулов Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында парламенттин теңинен көбүн түзгөн үч фракциянын депутаттарынын өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушун колдогонун билдирди.

"Парламент мындай чечимди өлкөнүн кызыкчылыгында кабыл алды. Көпчүлүк коалициясы ошол эле курамда калат", — деп белгиледи Иса Өмүркулов.

Ошону менен бирге ал коалициянын курамына "Республика — Ата-Журт" фракциясынын кириши күтүлүп жатканын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги көпчүлүк коалициясынын туруктуу иштеши мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кыларын белгилеп, парламентке бийликтин аткаруу бутагы менен жемиштүү иштешин каалады.