Парламент эртең жаңы премьердин талапкерлигин карайт

Талкуу эртең менен башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Парламент эртең, 20-апрелде жаңы өкмөттүн программасын, структурасын жана курамын карап чыгат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.

Мындай чечимди Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков кабыл алган. Жыйын эртең мененки саат 09.30да башталат.

Ата-энеси, балдары жана жубайы... Мухаммедкалый Абулгазиев тууралуу 7 факты
Учурда премьерликке президенттин аппаратынын жетекчиси Мухаммедкалый Абулгазиевдин талапкерлиги каралып жатат.

Эскерте кетсек, 19-апрель күнү Жогорку Кеңеш депутаттары парламенттик оппозициянын сунушун колдоп, Сапар Исаков башында турган өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Андан кийин президент Сооронбай Жээнбеков өз Жарлыгы менен отставкага кетирген.