Эми окуучуларга ысык тамак бериле баштайт. Бул тууралуу Гүлшан Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдарга бир маал ысык тамак берүү саламаттык сактоо министрлиги тарабынан сунушталган. Берилчү тамактар витаминдештирилет.
"Айрым мектептер өз чарбасынын эсебинен эле окуучуларын тамак менен камсыздап жатат. Мындай кадамдар ата-энелер тарабынан да жылуу кабыл алынууда. Анткени мектеп чарбасын уюштуруу балдарды эмгекке, сергек жашоого үндөйт. Келерки окуу жылынан тартып бардык мектептерге да ысык чай ордуна ысык тамак бериле баштайт", — деди Абдылдаева.
Ал балдардын ысык тамагына ата-энелерден каражат чогултулбай турганын кошумчалады.