БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы премьер-министрликке Мухаммедкалый Абулгазиевдин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу КСДП фракциясынан билдирди.
Ага ылайык, Абулгазиев фракция мүчөлөрүнүн алдына келип, суроолорго жооп берген. Эртең саат 9:30да Жогорку Кеңештин чукул жыйынында Абулгазиевдин талапкерлиги премьерликке көрсөтүлөт.
Эскерте кетсек, 19-апрель күнү Жогорку Кеңеш депутаттары парламенттик оппозициянын сунушун колдоп, Сапар Исаков башында турган өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Андан кийин президент Сооронбай Жээнбеков өз Жарлыгы менен отставкага кетирген.
Буга чейин эл өкүлдөрү Исхак Масалиев менен Иса Өмүркулов Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өкмөт ишеним көрсөтүлбөгөндүктөн кетип жатканын айтышкан.