БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бүгүн парламенттин жыйынында депутаттар Сапар Исаков башында турган өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча чечим кабыл алды.
Маалыматка ылайык, өкмөттү кетирүүгө депутаттардын 101и макул болсо, бешөө каршы чыккан. Жалпы жонунан 112 депутат каттоодон өткөн.
Тизмеден алты эл өкүлү добуш бербегенин көрүүгө болот.