Айбек Калиев менен Жалал-Абаддын мэри УКМКнын тергөө абагына киргизилди

ТЭЦтеги авария 26-январь күнү болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. "Улуттук энергетика холдинги компаниясынын" башкаруучулугунун мурдагы төрагасы Айбек Калиев тергөө абагына отургузулду. Бул туурасында УКМКдан маалымдашты.

Эскерте кетсек, Калиев 18-апрель күнү "Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары кармалган.

Ушул элеби? ТЭЦке 640 долларга алынган аттиштин сүрөтү
Билдирмеде Биринчи Май райондук соту Калиевди тергөө аяктаганча абакта кармоо чечимин чыгарган. Ага Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча айып тагылууда.

Ушул эле иштин алкагында Жалал-Абад шаарынын мэри, ага чейин "Электр станциялары" ААКсынын генералдык директору болуп иштеп келген Салайдин Авазов менен орун басары Жолдошбек Назаровго да айыбы угузулуп, экөө да "Коррупция" беренесинин негизинде тергөө аяктаганча абакка киргизилди.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы айтылган. Кырсыктын кесепеттери 30-январда гана жөнгө салынып, шаардыктардын үйүнө жылуулук берүү калыбына келе баштаган.