Исаковго экс-премьер наамы берилбейт, компенсация да каралбайт

Сапар Исаков парламент ишеним көрсөтпөгөн өлкө тарыхындагы биринчи премьер болуп калды.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. "Өкмөт тууралуу" конституциялык мыйзамга ылайык Сапар Исаковго экс-премьер-министр наамы берилбейт.

Бүгүн, 19-апрелде, парламент Исаков башында турган өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча чечим кабыл алып, президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетирүү боюнча Жарлыкка кол койду.

Ата-энеси, балдары жана жубайы... Мухаммедкалый Абулгазиев тууралуу 7 факты
Исаков парламент ишеним көрсөтпөгөн өлкө тарыхындагы биринчи премьер болуп калмакчы.

Мыйзамга ылайык, министрлер кабинетинин башчысына парламент ишеним көрсөтпөгөн учурда же мыйзамды одоно бузган болсо экс-премьер деген наам берилбейт.

Негизинен өкмөттүн бардык мүчөлөрү отставкага кеткенден кийин эки айлык компенсацияга ээ болушат. Бирок парламенттин ишениминен кетип таркаганда, эч кандай компенсация төлөнбөйт.

Бирок Исаков башка экс-премьерлерге салыштырмалуу кызматын көбүрөөк аркалады.