Исаков: кийинки өкмөткө өлкө экономикасын жакшы абалда өткөрүп берип жатам

Өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Исаковдун айтымында, бюджеттин профицити фискалдык жана бажы органдарынан түшкөн кирешени эсепке албаганда жыл сайын 20 миллиард сомду түзүп турат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Премьер-министрлик кызматтан кеткен Сапар Исаков кийинки өкмөткө Кыргызстандын экономикасын жакшы абалда өткөрүп берип жатканын билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта мектеп, бала бакча жана башка объектилер курулууда. Эгер жаңы өкмөт Исаковдун өкмөтү баштап койгон багыт боюнча кетсе, профицит жыл сайын 20 миллиард сомду түзүп турат.

"Бул салык процедураларынын фискализацияланышынан улам болот. Майзам кабыл алынган, эми салык кызматы боюнча профицит жылына 15 миллиард сомду түзөрү күтүлүүдө. "Таза коом" долбоорунун алкагында дүкөндөн товар сатып алсаңыз, ресторандан тамак ичсеңиз чек берилип турарын элестетип көргүлө. Чек тууралуу бардык маалымат фискалдык органдарга онлайн-режимде жеткирилип турат", — деди ал.

Сапар Исаков: парламент саясий эрксиздигин көрсөтүп дүйнөгө уят болду
Исаков эгер өкмөт ушул ыргак менен кетсе бюджеттин профицити жылына 20 миллиард сомду түзөрүн кошумчалады. Мурунку премьердин айтымында, бул бюджет үчүн бир топ эле акча.

Бүгүн, 19-апрелде, парламент Исаков башында турган өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча чечим кабыл алып, президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетирүү боюнча Жарлыкка кол койду

Сапар Исаков аталган кызматка 2017-жылдын августунда келип, 8 айга чукул иштеди.