Радио

Жамалдинов: "Эйр Кыргызстан" компаниясынын жетекчисин тез арада кетирүү керек

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов жетекчилик аталган компанияны банкрот кылгандыгын айтты.
Sputnik
Жамалдинов: "Эйр Кыргызстан" компаниясынын жетекчисин тез арада кетирүү керек

"Эйр Кыргызстан" компаниясынын жетекчисин тез арада кетирүү керек. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Эйр Кыргызстан" компаниясы банкрот болуп, жакшы иштей албай жатат.

"Эйр Кыргызстан" компаниясы өлкөбүздүн аба мейкиндигиндеги жүзү десек болот. Бүгүнкү күндө жетекчиси иштей албай, банкротко алып келди. Ушундай жетекчини биз эмнеге кармап отурабыз? Тез арада аны алмаштырып, ошол жерди өнүктүрөм деген адамды алып келиш керек", — деди Жамалдинов.

Депутат жеке менчик компаниялар өз күчү менен эле жакшы иштеп жатканын мисал келтирди.