Бишкектин дагы бир көчөсү жабылат

Кулатов көчөсүнүн жарымы 20-апрелде жабыла турган болду
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкектеги Кулатов көчөсүндөгү жылуулук өтүүчү куурлар оңдоло тургандыктан жолдун жарымы автоунаа үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 20-апрелден тарта Кулатов көчөсү Айдаралиевден Ош көчөсүнө чейин жабык болот.

Жылуулук куурлары 29-майга дейре оңдолот. Бишкек мэриясы айдоочуларга жүрө турган жолду аллдын ала белгилеп алууну эскертет.