Баткен району: Сай айылына жер көчүп, 350 кожолук суусуз калды

Тазалоо иштери менен райондун Жарандык коргонуу комиссиясы алектенет
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Баткен районундагы Сай айылынан бир чакырым алыстыктагы тоонун боорунан көлөмү 45 000 метр куб жер көчкү 18-апрелде саат 23:20лар чамасында түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, көчкү Сай айылына келүүчү сугат каналынын 130 метр аралыгын жана тоо башында жайгашкан уюлдук компаниянын телефон антенасына баруучу жолдун 150 метр аралыгын басып калган.

"Учурда Сай айылына баруучу ичүүчү суу жана сугат суу менен камсыз кылуучу каналдан суу токтогон. Сай айылында 350 кожолук бар", — деп айтылат маалыматта.

Тазалоо иштери менен райондун Жарандык коргонуу комиссиясы алектенет. Жер көчкү боюнча кошумча маалымат берилет деп ӨКМдин маалымат кызматы сөз берди.