Баласын эмизип, таптап уктаткан горилла. Жүрөк жылыткан видео

Чүрпөсүн эркелетип, эмизип жаткан ургаачы маймыл — Калайя 15, ал эми атасы Барака 26 жашта.
Sputnik

Ой, тобо! Зоопарктагы гепард сегиз күчүк тууду
АКШдагы Смитсон зоопаркынын кызматкерлери сейрек кездешкен горилланын баласын эмизип, эркелетип, таптап уктатып жаткан видеосун жарыялады. Ал YouTube каналына коюлган. Маймылдын жаңы туулган баласы Moke экени жазылган. Бул "кичинекей", "кенже" деген маанини билдирерин кошо белгилеп коюшкан.

Видеодо баласын эркелетип, эмизип, эзилген ургаачы маймыл — Калайя 15, ал эми атасы Барака 26 жашта.

Батыш түздүгүнүн горилласы деп аталган бул жаныбардын аталган зоопаркта көз жарган биринчи учуру экени да айтылды.

Буга чейин колго багылган горилла 60 жашка чыккандыгы боюнча видео жарыяланган.