Зыяратчыларды жетектөөчү ажы башчыларды каттоо башталды. Талаптар

Каттоого алуу иштери 4-майга чейин облустардагы казыяттарга тиешелүү операторлор тарабынан жүргүзүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Ажы башчылыкка талапкерлерди каттоого алуу жараяны башталганын муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган иштер 4-майга чейин облустардагы казыяттарга тиешелүү операторлор тарабынан жүргүзүлөт.

Ажыга баргандардын кайда жүргөнүн аныктоочу мобилдик тиркеме иштелип чыгат
Талапкерлер биринчи тесттик сынактан 10-майда, андан ийгиликтүү өткөндөр 11-12-майда аңгемелешүүдөн өтмөкчү.

Ошондой эле алар араб тилин, зыярат кылуучу жайлардын диндеги ордун жакшы билиши шарт. Уюштуруучулук жөндөмү жогору болуп, жаш курагы 55 жаштан ашпоого тийиш. Мындан сырткары, маалымат технологияларын да өздөштүрө билүүсү зарыл.

Эскертке кетсек, былтыр ажы башчылыкка тандалган талапкерлер быйылкы тандоого катыша албайт.