Париждеги форумда Айтматовдун юбилейи жана чыгармачылыгы тууралуу кеп болот

ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында түркологиянын орчундуу маселелеринин каралышы күтүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Париж шаарында ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында эл аралык илимий форум өтүп, анда маданий мурас катары Чыңгыз Айтматов тууралуу илимий талкуу болот. Бул туурасында тарыхчы Кадыралы Конкобаев кабарлады.

Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун Анкарадагы бюстуна барып гүл койду
Иш-чара "Руханий жаңылануу жана маданий мурас: байыртадан келечекке" деп аталат.

Форумга дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 50 окумуштуу-түрколог, мамлекеттик, дипломатиялык кызматкерлер чакырылган. ЮНЕСКО жетекчилиги менен катар бир канча эл аралык илим, билим берүү жана маданият мекеме жетекчилери да катышмакчы.

Париж форумунда түркологиянын орчундуу маселелеринин каралышы күтүлүүдө.

"Байыркы түрк жазма эстеликтеринин окулушунун 125 жылдыгы, Түрк элдеринин маданий мурастары (Магжан Жумабаевдин 125, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы), андан сырткары, жок болуп бара жаткан түрк тилдери боюнча маселе ортого коюлмакчы ", — деди Конкобаев.

Форумду Эл аралык Түрк академиясы менен ЮНЕСКО биргелешип өткөрүп жаткандыгы кошумчаланды.