Анкарада Айтматов жылын ачуу салтанаты башталды

Түркиялыктар жазуучу тууралуу маалымат берүү 22-апрелге чейин улантмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Түркиянын борбору Анкарада Айтматов жылын ачуу салтанаты болуп жатат. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун Анкарадагы бюстуна барып гүл койду
Кыргызстандан барып катышып жаткан маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов улуу жазуучу Айтматовдун 90 жылдыгы дүйнөнүн көп жерлеринде белгиленип жаткандыгын айтты.

Минист Кыргызстанда, Ысык-Көлдө өтө турган "Айтматов жана чакырыктар" деп аталган интеллектуалдык форум тууралуу алдын ала маалымат берди.

Жумагулов кыргыз элинин атынан Айтматовду эскерген иш-чараларды өткөргөн түрк өкмөтүнө ыраазылыгын билдирди.

Түркиялыктар жазуучу тууралуу маалымат берүүнү 22-апрелге чейин улантмакчы.