УКМК Айбек Калиевди кармады

Бишкек ТЭЦтиндеги авария боюнча кылмыш иши козголгон
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Улуттук энергетика холдинги компаниясынын" башкаруучулугунун мурдагы төрагасы Айбек Калиевди "Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

УКМК Бишкек ТЭЦтеги авария боюнча Жалал-Абаддын мэрин камакка алды
Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Эскертсек, Калиев "Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКтын жетекчилигинен 10-апрелде бошотулган

Белгилей кетсек, 26-январда кечки саат 18:00дө Бишкек ТЭЦинин эски буу казандарына суу берген куур иштен чыгып, кубаттуулугу 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылган болчу. Мындан улам кылмыш иши козголуп, бир нече аткаминер сурак берипкамакка алынган