Токтогулда 21 жаштагы жигит бир жумадан бери изделүүдө

Издөө иштерине жүздөн ашык киши тартылды
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Чоң-Арык айылынын 21 жаштагы тургуну 11-апрелде үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

18-апрелде издөө иштерине 122 киши тартылды. Арасында куткаруучу, милиция кызматкерлери да бар.