Парламентке жаңы депутат келди

Руслан Чойбеков "Кыргызстан" фракциясына жаңы депутат болуп келди
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында "Кыргызстан" фракциясына жаңы депутат болуп келген Руслан Чойбеков ант берди. Ал Дамирбек Асылбек уулунун ордуна келди.

Белгилей кетсек, Боршайком Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экенин аныктаган документтерге таянып, депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыраткан болчу.