Ноокаттагы чырдуу окуядан соң райондук милиция бөлүм башчысы кызматтан алынды

Учурда Ноокат РИИБдин башчысынын милдетин убактылуу Жаныбек Исаев аткарып жатат
Sputnik

ОШ, 18-апр. — Sputnik. Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Жигиталы Дубанаев Ички иштер министрлигинин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулду. Бул маалыматты облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев тастыктады. 

Дубанаев Ноокаттын Гүлистан айылында кыз менен жигиттин сабалышы жана 32 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча окуяга байланыштуу кызматтан алынды. 

"Райондук милиция бөлүмүнүн башчысы менен катар эле тергөө кызматынын башчысы да кызматтан бошотулду. Ал эми окуя болгон Гүлистан айылын тейлеген Жаңы Ноокат милиция бөлүмүнүн башчысы өз ыктыяры менен жумуштан кетти. Буга чейин Ноокат районунун Бостон айылында болгон окуядан улам Ноокат РИИБдин башчысын, Ноокат РИИБдин тергөө кызматынын жетекчисин кызматтан алуу Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаевдин төрагалыгы астында өткөрүлгөн кезексиз координациялык кеңеште талкууланып, ИИМге сунушталган", — деди Аширбаев. 

"Арча-Бешикте" үч баланын энесин өлтүрдү деп шектелген жаран кармалды
Учурда Ноокат РИИБдин башчысынын милдетин убактылуу Жаныбек Исаев аткарып жатат 

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 30-мартында 18-жаштагы кыз менен сүйлөшүүгө барган жигит Ноокат районундагы Гүлистан айылынын жергиликтүү жашоочулары тарабынан сабалгандыгы боюнча видео тараган. Мындан сырткары, ушул эле айылдын жашоочулары 32 жаштагы жигитти сабап, ал ооруканада каза болгон. Бул эки окуя боюнча кылмыш иши козголуп, 15 бала шектүү катары камакка алынган болчу.