Интернетте мугалим окуучуну кежигеге бир чапкан видео тарады

Окуя Бишкекте болгон. Мугалим кол көтөрүп тим болбостон, окуучуга кыйкырып жатканын да көрүүгө болот
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Социалдык тармакта сабак учурунда окуучуну кежигеге бир чапкан мугалимдин видеосу тароодо. 

Түшүндүрмөдө окуя борбор калаадагы №20 мектепте болгону, мугалим алгебра сабагын өтүп жатканы айтылат. Окуучуну урушуп жаткан мугалим аны бир чаап, бала анын "кыжырына тиерин" айтып жатканын көрүүгө болот.

Мектеп өкүлдөрү жогорудагы окуя болгонун ырастап, ушу тапта жыйын болуп жатканын кошумчалашты.