Көсөнүн акылы түштөн кийин... Мэрия "Ш.Баатыр" дегенди түнү менен алмаштырып чыкты

Буга чейин ал көчөдө "Ш. Баатыр" деген такталар илинип турган
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Шабдан баатыр проспектисине олуттуу ката менен "Ш. Баатыр көчөсү" деп илинген такталар алмаштырылганын Бишкек мэриясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, көчөнүн эки тарабына башынан-аягына чейин "Ш. Баатыр" деп жазылган такталар илинип турган. "Шабдан баатыр" деп толук жазылган тактаны көрүү мүмкүн эмес эле. Бул туурасында материал Sputnik Кыргызстан агенттигине кечээ, 17-апрелде, чыккан

Такталарды илүү иштерин мэриянын алдындагы "Бишкекасфальтсервис" муниципиалдык ишканасы жасаган.

1 / 2
Шаабдан баатыр проспектисине олуттуу ката менен "Ш. Баатыр көчөсү" деп илинген такталар алмаштырылды
2 / 2
Белгилей кетсек, көчөнүн эки тарабына башынан-аягына чейин "Ш. Баатыр" деп жазылган такталар илинип турган. "Шабдан баатыр" деп толук жазылган тактаны көрүү мүмкүн эмес эле.

"Көчөнүн аты жазылган такталар оңдолуп, 18-апрелге караган түнү кайрадан илинди. Жалпы жонунан 80 такта чыгарылган, анын 26сында ката кетип калган. Эске салсак, бул иштер демөөрчүлөрдүн каражатына жасалган болчу", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызча "жаза албаган" сайттар. Бийлик органдары маалыматын кантип жайылтат
Ошондой эле буга чейин ал аймак көчө деп жазылса, оңдолгон вариантында "Шаабдан баатыр проспектиси" экени көрсөтүлгөн. Мэриянын маалыматында кыргыздын дагы бир чыгаан инсаны Байтик баатырдын ысымы ыйгарылган көчөдөгү "Б. Баатыр" боюнча эч нерсе айтылган эмес.

Белгилей кетсек, Элдик Апрель революция күнүн утурлай борбор калаанын Шабдан баатыр көчөсү 7-Апрель болуп өзгөртүлгөн. Ал эми Чүй проспектисинин Ауэзов көчөсүнөн Курманжан даткага чейинки бөлүгүнө Шабдан баатырдын ысымы ыйгарылган. Ошол эле учурда көчөгө жаңыдан коюлган аты жазылган такталар илинген.