БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Казакстан полициясы уурдалган кыргызстандыкты таап, куткаруу боюнча атайын операция өткөрдү.
Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) берген маалыматына караганда, Кыргызстандын жаранын алматылык үч киши уурдаган.
"Шектелип жаткандар Алматы — Тараз жолунан автоунааны мажбурлап токтоткон. Өздөрүн полиция кызматкери деп тааныштырган соң ичиндеги жүргүнчүнү уурдап кетишкен", — деп билдирди ИИМдин маалымат кызматы.
Уурдалган кишинин кыргызстандык бизнесмен экендиги айтылууда.
Атайын операция учурунда ал киши жабырланган эмес. Киши уурдаганга шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилди.