Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө аласалып кеткен унаанын жол четинде жаткан видеосун салып жиберген.
Жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү кырсык болгонун тастыктады. Маалыматка ылайык, окуя 18-апрель күнү Жаш Гвардия менен Урицкий көчөлөрүнүн кесилишинде саат 14.40та болгон. Натыйжада бир адам жабыркап, ооруканага жеткирилди.
Кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат.
Буга чейин Бишкек — Ош жолунда газ ташып бараткан унаанын цистернасы оодарылып кеткен.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.