Радио

Садыбакасов: быйыл өрт өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп болду

ӨКМдин жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу башкы башкармалыгынын өрттү анализдөө жана алдын алуу бөлүмүнүн улук офицери Бакыт Садыбакасов өрт кырсыктары көбүнчө жарандардын кайдыгерлигинен келип чыгаарын айтты.
Sputnik
Садыбакасов: быйыл өрт өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп болду

Быйылкы үч айда былтыркыга салыштырмалуу өрт 20 пайызга көп болду. Бул тууралуу Бакыт Садыбакасов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өрттүн 36,3 пайызы электр энергиясына болгон этиятсыздыктан чыкса, 26,5 пайызы отко болгон кайдыгерликтен улам келип чыккан.

"Өрт кырсыктарынын көпчүлүгү Чүй облусу менен Бишкек шаарында болду. Быйылкы үч айда эле өрт былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 19,9 пайызга көп болду. Анын кесепетинен өлкө боюнча 28 адам көз жумду. Өрттүн көпчүлүгү турак-жай секторунан чыгып, жалпы келтирилген материалдык чыгым 29 миллион 838 миң 990 сомду түздү", — деди Садыбакасов

Ал ошондой эле жарандарды өрттүн келип чыгуусун алдын алууга жана электр приборлорун, от тутанчу жабдыктарды колдонууда жаш балдарды этияттыкка үйрөтүү керектигин кошумчалады.