БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкекте 12 жашар баланы автоунаа коюп кеткенин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башка башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кырсык бүгүн, 18-апрелде, кечинде Токтоналиев жана Сухомлинов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Жабыркаган өспүрүм балдардын шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилди. Toyota Windom автоунаасынын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен эмес", — деп милициядан маалымдашты.
Милиция окуянын чоо-жайын аныктап, териштирет.