Бишкекте эки киши 13,5 кг героинди сатып жаткан жеринен кармалды

Кармалгандардын бирөө Тажикстандын жараны, экинчиси Кыргызстан ИИМинин кызматкери экени аныкталды.
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Баңгизаттарын сатууга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү 13,5 килограмм героин сатып жаткан жеринен эки кишини кармады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, шектүүлөр 17-апрелде таңкы саат бештер чамасында кармалган.

Задержание лиц, занимавшихся перевозкой и сбытом героина в особо крупном размере в Бишкеке

Баңгизаттарын сатууга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү ири көлөмдөгү баңгизат сатууга ниеттенип жаткан кишилер тууралуу маалымат алышкан.

Кыргызстанга ири өлчөмдө баңгизат ташыган эл аралык канал буулду
Ыкчам изилдөө иштеринин жыйынтыгында Бишкектеги Манас проспектиси менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен Тажикстандын 50 жаштагы жараны менен Ош облусунун 41 жаштагы тургуну кармалган. Тинтүү учурунда аларга таандык автоунаадан 13,5 килограмм героин табылган.

Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, Ош шаарынын 41 жаштагы тургуну Ысык-Көлдө төрөлүп, учурда ИИМдин кызматкери болуп иштей турганы аныкталган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Ошондой эле ИИМдин ички тергөө кызматы тийиштүү териштирүү жүргүзүүдө.