Бишкектин чок ортосундагы 400 гараж кран менен алынып жатат. Видео

Көптөгөн тургундар гараждарды алууга каршы чыгууда.
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. "Чыгыш-5" кичирайонунун Төрөкул Айтматов көчөсүндөгү төртүнчү кооперативге тийиштүү гараждар кран менен алына баштады. 

Интернет тармагында мындай чарага каршы экенин билдирген элдин саны көбөйүүдө. 

Бишкек мэриясынын алдындагы жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Азамат Сагындык уулу гараждар мыйзамдын чегинде алынып жатканын билдирди.

"Бул жерди ижарага берүү келишими 2007-жылдын 26-ноябрына чейин эле түзүлгөн болчу. 2007-жылдан бери кооператив тарабынан шаардык бюджетке эч кандай төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес. Башкы планды ишке ашыруунун алкагында Айтматов көчөсүнөн Лев Толстойго чыга турган жол курулуп жатат. Ушуга байланыштуу да алынып жатат. Себеби гараждар жолду курууга тоскоолдук жаратууда. Бир жыл мурда жерди бошотуу боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 100гө жакын адам бизди угуп жерди бошотуп берди. Ал эми 300 адам укпай койду. Локацияларда биздин кызматкерлер менен биргеликте милиционерлер иштеп жатат. Алар гараждарды алгандан кийинки буюм-тайымдарды кайтарышууда", — деди ал.

Азамат Сагындык уулунун айтымында, жарандарды да түшүнүүгө болот. Себеби алар келишим аяктагандан кийин дагы 11 жылга жакын гараждарга ижара акысын төлөп келишкен. Ал кооперативдин жетекчилиги менен башка органдар аркылуу териштирүү иштерин жүргүзүү керектигин кошумчалап өттү.

"Чыгыш-5" кичи районунан жалпысынан 400 гараж алынат.