БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бүгүн, 18-апрелде ЕАЭБдин бардык аймактарында "Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент күчүнө кирди. Бул тууралуу Экономика министрлигинен маалымдашты.
Техникалык регламентте аттракционду долбоорлоодон эксплуатацияга берилгенге чейинки этаптардын ар бирине өзүнчө талаптар коюлган. Аталган регламент техниканын жаңы түрлөрү үчүн гана жайылтылат.
Анда төмөнкү талаптар көрсөтүлгөн:
Жарандарды эвакуациялоо жолдорун уюштуруу;
Аттракциондун буроолорун бекем бекитүү;
Лазердик жабдык кокустан нурданып кетпегидей болуп даярдалышы керек;
Аттракцион үчүн колдонулган материалдар адамдын ден соолугуна зыян алып келбеши зарыл;
Аттракциондо жана анын тосмолорунда адамды жабырката турган шиш темирлер жок болушу шарт.
Талаптардын толук тизмеси менен шилтемеден таанышыңыздар.