БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Россия жана Кытайга барууга ниетенип жатканын президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковго таянып Ак үйдүн маалымат кызматы билдирди.
Сыдыковдун айтымында, иш сапардын так убактысы азырынча белгисиз, бирок алдын ала маалыматтар боюнча президент Россияга май айында, Кытайга июнь айында бармакчы.
Белгилей кетсек, июнь айында Синдяо шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити болмокчу.
Эске салсак, өткөн аптада Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Түкия жана Брюсселге барып келген.