УКМК Бишкек ТЭЦтеги авария боюнча Жалал-Абаддын мэрин камакка алды

Мэр менен кошо анын мурдагы орун басары да кармалган
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бишкек ТЭЦтеги авария боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 

Ушул элеби? ТЭЦке 640 долларга алынган аттиштин сүрөтү
Авазов буга чейин “Электр станциялары” ишканасынын башкы директору болуп иштеген. Андан сырткары, ошол кезде ишкананын директорунун орун басары кызматын аркалаган Жолдошбек Назаров да камакка алынган. Экөө тең бүгүн, 17-апрелде, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган. 

Аткаминерлер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат. 

Белгилей кетсек, буга чейин "Электр станциялары" ишканасынын директору Узак Кыдырбаев менен Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча топтун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалган.