БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Борбордогу маданий-көңүл ачуучу жайлардын биринде дизайнер-стилист Замира Молдошеванын "Жаз-жай — 2018" аталышындагы алгачкы автордук коллекциясынын ачылышы өттү.
Иш чарада Z#FASHION мода үйүнөн даярдалган концептуалдык коллекциялар менен этно, классика, кече, спорт жана күнүмдүк кийим-кечелердин стилиндеги образдар тартууланды.
Көргөзмөгө мода индустриянын, ишкерлик чөйрөнүн жана шоу-бизнестин өкүлдөрү катышты.