УКМК: 200 миң доллар пара алып кармалган прокуратура кызматкери ооруканага түштү

Маалыматта коррупциялык иштерге айыпталып жаткан прокуратура кызматкеринин кан басымы жогорулап кеткени айтылат
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоолорду колдоо жана соттогу өкүлчүлүгү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев ооруканага түштү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Беш миң доллар пара талап кылган финполчунун кармалышы. Видео
Билдирмеге караганда, оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө айыпталуучунун кан басымы жогорулап кетип ооруканага жаткырылган.

Ал эми №1 ооруканадан аталган жарандын саламаттыгы текшерилип жатканын ырасталып, бирок абалы тууралуу маалымат берилген жок.

Чалбаев кечээ, 16-апрелде, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан колго түшүрүлгөн болчу.