БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районунда сойкуларды чогултуп, иштетип жүргөн аял кармалганын аталган облустун милициясынан кабарлашты.
Маалыматта тартип сакчыларга Сокулук районундагы сойкулар үйү тууралуу маалымат келип түшкөнү, ал жердеги мейманкана менен саунада төшөк кызматтары тартууланып келгени айтылат.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы аталган фактынын бетин ачуу үчүн атайын соода кылып, ал жерде интимдик кызматтар көрсөтүлөрүн тактап билген. Операция учурунда белги салынган акчалар менен далил боло турган буюмдар алынган.
Укук коргоо органдарынан учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.
Sputnik Кыргызстан агенттиги чет жакка турмушка чыгып өз укугун, ал жактын мыйзамын билбей кыйналып жүргөн кыздардын маселеси боюнча юристтердин пикирин билип көрдү.