Радио

Масалиев: ооруканаларды жеке ишкерлердин жардамы менен жаңылоодобуз

Саламаттык сактоо министрлигинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Осмон Масалиев заманбап жабдуулардын жоктугунан эл дарылануу үчүн чет өлкөгө кетип жатканын айтты.
Sputnik
Масалиев: ооруканаларды жеке ишкерлердин жардамы менен жаңылоодобуз

Мамлекеттен финансылык жардам күтүп отура бербей, ооруканаларды жеке ишкерлердин жардамы менен жаңылоодобуз. Бул тууралуу Осмон Масалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык оорулуулар чет мамлекетке 20-50 миң доллар берип, ден соолугу үчүн кам көрүүдө.

"Азыркы учурда мамлекет тарабынан бир оорукана курууга же ондоого бир нече жыл кетет, аны ишке ашырууга каражат да жетишпейт. Ошондуктан биз жеке ишкерлерди тартуу менен жаңы жабдууларды сатып алып, ооруканаларды жаңылап, бейтаптарды бул жактан эле дарылоого аракет кылып жатабыз", — деди Масалиев.

Ал мындай жол оорулууга бир топ ыңгайлуу экенин кошумчалады.