БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. "Жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Алымжан Усубакунов Бишкек мэриясынын көчөт алуу боюнча чечимине комментарий берди.
Бийлик сырттан келген көчөттөргө жалпы жонунан 13 миллион 763 миң сом короткон. Усубакуновдун айтымында, бардык көчөттөр биздин климатка ылайыкташып калды.
"Мындай чечим кабыл алганга чейин бааларга мониторинг жүргүзүлүп, биздин токой чарбаларда түрдүү дарактар бар экени маалым болгон. Бирок алар өтө эле жаш көчөттөр экен, диаметри 3-4 сантиметр болсо, бийиктиги 2-2,5 метрди түзөт. Алардын өсүшү үчүн 7-8 жыл керек. Бул убакыт аралыгында алардын өлбөй өсүп кетишине кепилдик жок да. А биз учурда экология көйгөйүн чечүү үстүндө иштеп жатабыз", — деди Усубакунов.
"Тендер боюнча жарыяны каалаган адам көрө алмак. Бирок ага жергиликтүү уюмдардын катышпай койгонуна түшүнбөй жатам", — деп Усубакунов кошумчалады.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары Бишкек мэриясынын чечимин кызуу талкууга алууда. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары ушундай эле көчөттөр өлкөнүн токой чарбаларында канча турарын иликтеп көрдү. Бул боюнча мэр Албек Ибраимов азырынча пикир айта элек.